“Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы”аталышындагы үч айлыктын алкагында өткөрүлгөн сахналаштыруу сынагы
«Кыргыз тили жана Айтматов ааламы» үч айлыгынын алкагында №59 орто мектепте «Айтматовдун чыгармалары боюнча сахналаштыруу» сынагы өттү. Ага 5-11 класстардын окуучулары катышып, чучу кулак боюнча туш келген чыгармага даярданышкан.
Бул иш-чаранын максаты: Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу;
мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана улуттук баалуулуктарды, маданиятты, каада-салттарды жайылтуу,
жазуучунун чыгармаларын жаш муундарга жайылтуу жана эне тилди даңазалоо;
мугалимдердин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жана окуучулардын чыгармачылыгын өнүктүрүү болуп саналат.
Сахналаштыруу сынагынын жобосу төмөнкү критерийлерден турган:
теманы ачып берүү,
актерлук чеберчилик,
көркөм жасалгалоо,
сырткы көрүнүшү,костюмдаштыруу
тилдин тактыгы
катышуучулардын саны
Ошентип, сынактын жыйынтыгы боюнча орундар берилди. Ага жалпысынан 19 класс катышты.
Сынакты уюштурган кыргыз тили кафедрасына жана класс жетекчилерге ыраазычылык билдиребиз.
Комментарии