Көркөм окуу сынагына 8-11-класстын окуучулары жигердүү катышты.
Улуу калемгердин чыгармачылыгынын алкагында дагы бир иш-чара өткөрүлдү. Көркөм окуу сынагына 8-11-класстын таланттуу окуучулары катышты. Даярдаган мугалим Маткеримова Кенжекан Дуйшобаевна. Сүрөткердин адамдык сапатын,чыгармачылыгын,гумандуулугун даңазалаган сынак мактоого татырлык. Ыр саптары мекенчилдикке, сүйүүгө, адамкерчиликке үндөгөн темадагы чыгармаларды көркөм окуган сынактын катышуучуларынын аткаруучулук чеберчилигин, дикциясын, мазмунга ылайык туюндуруу жөндөмүн, көркөм текстти тандоодогу өзгөчөлүүлүгүн, сахнада өзүн алып жүрүүсүсүн, костюмун, ар тараптан баалап педагогикалык жамааттын бир нече мүчөсү отурду.
Ал эми 11-А класстын окуучусу өзүнүн калемине таандык чыгармасын жалпы катышуучуларга окуп берип, мактоого арзыды.
Сынактын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен төмөндө көрсөтүлгөн катышуучулар жеңишке жетишти. Алар: 10-А жана 8-А класстын окуучуларына ардак баракчалары тапшырылды.
Комментарии