Изилдөөчүлүк долбоорго активдүү катышып кайттык.
“Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө Мыйзамынын” кабыл алынганын 34 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 95жылдыгына карата “Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында жүргүзүлүүчү райондук иш-чаралар алкагында
Ч.Айтматов өмур жолу жана чыгармалары боюнча изилдөөчүлүк долбоору” боюнча кароо-сынагы Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын уюштуруусунда 20-октябрда №79 ЖОМ базасында болуп өттү.
Изилдөөчүлүк долбоорго жалпысынан 26 окуучу 12 мектептин атынан катышып, анын ичинен №82, №57,№31 окуучулары 1-2-3-орундарга ээ болушту. Ал эми 4-орунга №59 жана №58 ЖББОМ ээ болушту.
Бул багытта өткөрүлгөн мелдеш өз максатына жетип, катышуучуларга да, көрүүчүлөргө да кызыктуу болду.
Комментарии