“Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы сүйүү темасы” аталышындагы дебаттан бир элес
Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата жарыяланган аткарылуучу иш-чаралардын катарын дебат толуктады. Бекитилген планга ылайык улуу жазуучуга арналган тегерек стол, жыйын, кереге кеңеш сыяктуу иштер жасалыш керек эле. Биздин мектептин 10-11-класстын окуучулары дебатка активдүү катышып, калемгердин чыгармаларындагы сүйүү темасын ачып беришти, талкуу абдан жана жандуу, курч өттү. Бул таймашты мамлекеттик тил мугалими Бозова Кымбат Ононбековна уюштуруп, алып барды.
Белгилей кетсек, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесинин алкагында үч айлык жарыяланып,№59 мектепте бир канча иш-чаралар өткөрүлгөн. Негизги максат – жазуучунун чыгармаларын эл арасына насыйкаттоо менен өсүп келе жаткан жаш муунду залкар калемгердин чыгармаларына болгон кызыгуусун күчөтүү жана руханий жан дүйнөсүн байытуу болуп саналат.
Комментарии