“Айтматов ааламы”көргөзмөсүнө саякат.
“Мамлекеттик тил жана улуттук нарк” аталышындагы улуттук үрп-адат, каада-салттарга, кол өнөрчүлүк,макет жасоого байланыштуу көргөзмө уюштурулду. Анда Ч.Айтматовдун калемине таандык чыгармалар чагылдырылды. Негизги уюштуруучу технология мугалими Айнургуль Джусупбаевна жардамчы кыздары менен жазуучунун каармандарын паного мыкты чагылдырып берген. Көргөзмө быйыл ишке берилген жаңы корпустун фойесинде жасалып, эски корпустун окуучулары белгиленген регламент менен “Айтматов ааламы” аталышындагы көргөзмөгө саякатташты.
Алгач көргөзмөнүн ачылышы болуп, жакшы тилектер айтылып, андан соң,”Манас” эпосунан үзүндү айтылып, ырлар көркөм окулуп кошумча иш-чаралар өткөрүлдү. Ошондой эле мектептин 1-кабатындагы фойеде да залкар жазуучунун чыгармалары, портреттери, ар кандай макеттер коюлган. Кызыккандар келип сүрөткө түшүп жатышты. Айрым класстын окуучулары класс жетекчисинин жетектөөсү менен китепканадагы көргөзмөгө да катышышты.
Ушул иш-чараны башында туруп уюштурган мектеп директору А.К.Сагымбаева, мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары М.К.Мустапаева жана кафедранын мугалимдери, кол кабыш кылган жалпы педагогикалык жамаат жана ата-энелерге раазычылык билдиребиз.
Комментарии