Алтын күз-2023
Мектептеги балалыктын баео сезимдери, эн бир эсте калган күндөрү албетте мектеп ичиндеги өткөрүлгөн ар кандай майрамдар, конкурстар,кароо-сынактар, чыгармачылык кечелер эмеспи. Мына ошондой окуучуларды толкунданткан,өзгөчө күткөн күндөрдүн бири болуп өтту.
1-чейректин эң акыркы күнү 2-ноябрда №59 орто мектептин спорт залында 9-11-класстар өздөрүнүн чыгармачылын тартуулап, “Күз-2023 конкурсун “Хеллоун”тематикасында көрсөтүштү. Окуучулар төмөнкү номинациялар боюнча дарданышкан:
1.Чыгармачылык номур (Ыр, бий)
2.Кийимдер парады
Жыйынтыгында, бардык катышуучулар эн жакшы даярдыкта катышкандыктан, жылдагыдай орундар берилген жок. Мугалимдер жамааты баардыгын мыкты, өзгөчөлөнгөнүн баса белгилешип, чыгармачылык жана окууларында ийгиликтерди каалашты.
Уюштуруучулар тарабынан чакан белектер ыйгарылды.
Комментарии