Үч айлыктын алкагында “Шайыр тапкычтар клубу”кароо-сынагы болуп өттү.
Мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында №59 орто мектепте “Ч.Айтматовдун чыгармалары кинотасмаларда аталышындагы “Шайыр тапкычтар клубу”кароо-сынагы болуп өттү. Ага 9-класстын окуучулары катышты.
Кароо-сынактын максаты:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы №155 Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө”Жарлыгын ишке ашыруу;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү”конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу, мамлекеттик тилдин статусун көтөрүү;
- Ч.Айтматовдун чыгармаларын даңазалоо;
- Ч.Айтматовдун чыгармалары аркылуу келечек муунду руханий, акыл-ой жана көркөм эстетикалык тарбиялоо;
- Улуу жазуучунун чыгармаларына кызыгуусун ойготуу, демилгелүү жана таланттуу окуучулдарды шыктандыруу.
Кароо-сынак төмөнкү критерийлер менен бааланды:
- Жазуучунун чыгармаларын ачып берүү;
- Окуучулардын аткаруу чеберчилиги,артистизм;
- Формасы,дикциясы;
- Сахнада алып жүрүүсү.
9-класстын окуучуларына берилген тапшырмалар :
- Саламдашуу;
- Эмблема жана топтун атын жактоо;
- Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган кинотмасмаларга үн коштоо;
- Пантомима;
- Күтүлбөгөн суроолор. Жогорку берилген тапшырмаларга бардык 9-класстын окуучулары жогорку деңгээлдеги даярдык менен келишкен. 9-В классынын “Мурас” жана 9-Г класстын “Делбирим тобу “Саламдашуу” жана эмблеманы жактоодо өзгөчөлөнүшүп, ыр-бий, көркөм окуу менен сынакка көрк кошушту. Ал эми 9-А классынын “Турналар” тобу Ак кеме тасмасына үн коштоп, профессионалдуу актрисалардын так өзүнөн кем калышкан жок. Бул тапшырмада Базаркулдун образын мыкты ачып берген 9-В класстын окуучусун да баса белгилеп кетсек. Ошондой эле Пантомима көрсөтүүдө да 4 топ тең ар кандай реквизит, буюмдар, костюмдардын жана актердук чеберчиликтин жардамы менен мыкты маанай тартуулашты.Кароо-сынактын жыйынтыгында; бардык берилген тапшырмаларды эң жогорку деңгээлде аткарып,өтө жоопкерчилик менен даярданып келген 9-В классынын “Мурас” тобу 1-орунду,актердук өнөрүн эң мыкты көрсөткөн 9-А классынын “Турналар” командасы, ал эми 3-орунду бир аз гана упай айырмачылыгы менен 9-Г класстын “Делбирим” тобу багындырды. Калыстар тобу сынактын катышуучуларына окуудагы ийгиликтерди каалап, майрамдык маанай тартуулагандары үчүн рахмат айтышты. Биздин мектепте таланттуу, аракетчил окуучулар бар экендиги кубандырат.
Комментарии