Эл аралык эне тил күнүн белгилөөнүн бир айлыгынын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар
Улуттук комиссия тарабынан Эл аралык эне тил күнүн белгилөө үчүн республикалык масштабда бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.
Министрлер кабинети Кыргыз Республикасында 2023-жылдын 21-январынан 21-февралына чейин Эл аралык эне тил күнүн белгилөөнүн бир айлыгын жарыялаган.
№59 орто мектепте бир айлыктын алкагында план иштелип чыгып, ага ылыйык ар кандай форматтагы иш-чаралар, конкурстар өткөрүлдү.
Кокумбаева А.С, Бозова К.О – 1-4-класстар арасында “Ар улуттун тилинде көркөм окуу” сынагын уюштурушту. Конкурс ыр-бий менен коштолду.
Капалбаева М.А, Арымкулова М.Э “Эне тилди барктайлы”деген темада 6-7-класстар үчүн сынак өткөрүштү. Мында топтор ар бир улуттун бийин, ырын , дубал гезитин жана презентация даярдашты.
Маткеримова К.Д- “А.Осмонов-Кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы” аттуу темада поэзия кечесин 7-8-класстардын окуучулары менен бирдикте даярдап, жагымдуу иш-чараны көрсөтүштү.
“Канткенде эне тилин сактап калабыз”? деген темада кыргыз тили мугалими Кадыракунова Н.К 10-11-класстардын окуучулары менен бирдикте дебат оюнун уюштурду. Абдан маанилүү, актуалдуу маселелер көтөрүлдү.
Кыргыз тили мугалими Сеитова.А.Б- “Эрудит” темасында 10-11-класстардын ичинде шайыр тапкычтар клубун уюштурду. Сынак видое суроолор, бул кайсы макал, өнөрүң болсо, өргө чап деген бөлүктөрдөн турду.
Узенова А.Д- “Кыргыз тилдин абалы” видео ролик сынагын, Сагынбекова А.С-“Тил улуттун жаны” мыкты дил баян конкурсун өткөрүштү. Баардык аты аталган иш-чараларга активдүү катышкан жана жеңүүчү болгон топторго ардак грамоталар тапшырылды.
Эске салсак, 1999-жылдын 17-ноябрынан ЮНЕСКО тарабынан 21-февраль -“Эл аралык эне тил күнү”деп жарыяланып, 2000-жылдан бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ар бир улуттун тилин сактоо, коргоо максатында эне тил күнү катары белгиленип келе жатат. Кыргыз жери көп улуттуу өлкө болгондуктан, ар кандай каада-салты, маданияты, дили жана тили менен айырмаланган жарандар бар. Биз ар турдүүбүз, бирок ар бирибиз кыргыз жараныбыз. Биз күнөстүү, көп улуттуу Кыргызстаныбызды сүйөбүз!
Комментарии