№ 59 мектеп Жалпы билим берүү орто мектеби

Ленин району “Урааным Манас “республикалык кароо-сынагында 1-орунга ээ болду.

Бүгүн, 15-июнда  Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде “Урааным Манас” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп жатат. Эске салсак, бул иш-чарага Ленин районундагы жалпы билим берүү уюмдарынан 2500 окуучу, анын ичинен биздин мектептин 25 окуучусу катышкан.

Бул долбоордо республика боюнча  160 000 окуучу ат салышып, төмөндөгүдөй жыйынтык чыккан.

Баш байгеге- Кадамжай району ээ болсо,

1-орунду- Ленин району багынткан.

Иш-чара «Улутум — Кыргыз, Урааным — Манас!» — аталышындагы «Манас» эпосунан үзүндү айтуу сынагынынын алкагында уюштурулду.