Бүгүн, 15-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде “Урааным Манас” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп жатат. Эске салсак, бул иш-чарага Ленин районундагы жалпы билим берүү уюмдарынан 2500 окуучу, анын ичинен биздин мектептин 25 окуучусу катышкан.
Бул долбоордо республика боюнча 160 000 окуучу ат салышып, төмөндөгүдөй жыйынтык чыккан.
Баш байгеге- Кадамжай району ээ болсо,
1-орунду- Ленин району багынткан.
Иш-чара «Улутум — Кыргыз, Урааным — Манас!» — аталышындагы «Манас» эпосунан үзүндү айтуу сынагынынын алкагында уюштурулду.