№ 59 мектеп Жалпы билим берүү орто мектеби

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!

№59 мектептин окуучулары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаарынын башкармалыгы тарабынан 5-октябрь- “Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө” карата мектептердин арасында уюштурулган “Куткаруучу” темасына арналган “Мыкты ыр”, “Мыкты сүрөт” сынагына катышты. Конкурсанттардын ичинен 1 окуучу Өмүрбеков Эламан 2-орунду ээлеп, Ардак грамота жана 4 окуучу дем берүүчү Алкыш баракчалары, белектер менен сыйланышты.

Конкурс ӨКМнин мектеп окуучуларынын чыгармачылык жөндөмдөрүн, жаш жеткинчектердин талантын, шыгын өстүрүүгө,  сергек жашоону жана куткаруучу кесибин жайылтуу максатында өткөрүлгөн.