Район ичинде өткөрүлгөн спорттук иш-чарадагы жетишкендиктер менен бөлүшөбүз.
№59 мектептин дене тарбия мугалими Санникова Светлана Констаниновна таланттуу балдарды даярдап район ичинде өткөрүлгөн “Жеткинчектер арасында жеңил атлетика” боюнча 1-орунду, “Улан-кыздар арасында жеңил атлетика мелдешинде” 3-орунга ээ болушту. Ал эми “Ордо” оюнунда №59 мектептин кыздар командасы 3-орунду, уландар арасында 1-орунду багындырышкан.
Биздин таланттуу, жигердүү кесиптешибизге жана окуучуларыбызга ийгиликтерди каалап, ар дайым көп жетишкендиктерге жетишине тилектешпиз. Биз силер менен сыймыктанабыз!
Комментарии