Сергек жашоо мүнөзү боюнча сынак
Борбор калаанын мектептеринде 6-11-класстын окуучулары арасында сергек жашоо мүнөзү боюнча “Мыкты класстык саат” сынагы өттү.
Сынактын максаты – мугалимдерди сергек жашоо, ден соолукту сактоо жана чыңдоо боюнча сабак өтүүгө шыктандыруу жана мотивациялоо, ошондой эле таланттуу жана чыгармачыл класс жетекчилерди колдоо болуп саналат. Ошондой эле балдардын, өспүрүмдөрдүн арасында сергек, активдүү жашоо мүнөзүн калыптандыруу жана жайылтуу.
№59ЖББОМдун атынан район ичинде өткөрүлгөн сынакка Турсуналиева У.Т “Интернеттеги чагымчылдык”,9-класстарга Кустрич Т.А “Үй-бүлөнү пландоо”темасында ачык сабактарды өткөрүштү. Жыйынтыгында Кустрич Т.А 2-орунду алып, шаардык турга активдүү катышты.
Комментарии