2-декабрь “Жаш манасчы-2022” шаардык сынагы болуп өттү
Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” жана “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Бишкекте 4 -декабрь – “Манас” эпосун белгилөө күнүнө карата “Жаш манасчы-2022″ шаардык сынагын өткөрүп, жыйынтыктады.
№59 орто мектептин атынан 8-Б классынын окуучусу Женишов Иса катышты. Ал былтыр да ушул сынакка катышып, ийгилик менен кайткан. Даярдаган мугалими Капалбаева Мунара Асанбековна.
Сынактын райондук денгээлдеги 1-этабы 2022-жылдын 21-ноябрынан 29-ноябрына чейин Ленин райондук билим берүү борбору тарабынан онлайн форматта “Манас”эпосунан үзүндү айткан видеороликтер аркылуу өткөрүлдү.
Шаардык сынак 2022-жылдын 2-декабрында саат 10.00дөн 13гө чейин Кыргыз улуттук “Манас” театрында болуп өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова сынактардын бардык катышуучуларына Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан даярдалган грамоталарды, мактоо барактарды, баалуу жана кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырышты.
Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Эльвира Ниязбекова “Жаш манасчы” сынагы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп, жыл сайын жаңы жаш манасчылар сынакка катышып жаткандыгын белгилеп, жаштарды тарбиялоодо “Манас” эпосу эбегейсиз зор мааниге ээ экендигин билдирди.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосун сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 259 “Кыргыз Республикасында “Манас” эпосунун күнүн белгилөө жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында сынак жарыяланган.
Комментарии