10-октябрда “Күз боектору”, “Алтын күз” темасында сүрөт конкурсу өткөрүлдү.
Күз – эң сонун мезгил. Күз адамдын маанайы сыяктуу эле өзгөрүп турат. Бир күнү жамгыр жаап жатса, бир күнү чайыттай ачык. Билим күнү күздө башталат. Бул күнү мектеп босогосун аттаганы жаткан балдар бактылуу болушат. Бул күнү балдар эле эмес чоңдор дагы кубанышат. Анткени бүгүн биздин жашоого болгон көз карашыбыз ачылып, дүйнөнү таанып баштайбыз.
Күздүн байлыгы – биздин бакчабызда жашылча -жемиштердин бышып жетиле турган мезгили. Ошол эле учурда күзгө чейин катуу иштеп, кыштын камын көрүңүз. Мына ошондуктан бардыгы күздүн жаркыраган күндөрүн колдонуп, түшүм жыйноону башташат.
Күз кандай сонун! Бүт айлана-чөйрө сары түскө боёлгон. Күз – берекенин, майрамдын мезгили. Мөмө -жемиштер күзүндө бышат. Жалбырактар кызыл-сары түскө боёлгон. Аларды чогултуп, кургатып, ар кандай композицияга айландырса болот. Жерге түшкөн жалбырактар чоң килемге окшош. Ошондуктан биз муну “Алтын күз” деп атайбыз. Күз өзүнүн өзгөчөлүктөрү менен керемет.
Алтын күздө кайрадан коңгуроо кагылып, балдар мектепке барат. Мектеп жашына жаңы жеткен балдар биринчи жолу мектеп босогосун атташат. Мугалимдер алардын ар бирине үмүт менен карашат, алар билим алып, жакшы адам болот деген үмүттө.
Күз кызыктуу нерселерге толгон, чыныгы иштин мезгили. Сыртта күз болсо да, элдер бактылуу. Анткени баары ийгилик жана бакубатчылык алып келген алтын күзгө кубанышат.
Күз – эң сонун мезгил. Кээде жамгыр жааса, кээде күн ачык болот. Билим күнү күздө башталат.
Мына ушундай күздүн кереметүү күнү 6-октябрда №59 жалпы билим берүү орто мектебинде башталгыч класстын окучулары “Алтын күз”, 5-7-класстар үчүн “Күз боектору” темасында сүрөт конкурсу болуп өттү. Конкурска өтө көп иштер келип түшкөн. Ошентсе да, сынактын талабына жооп берген мыкты сүрөттөр тандалып алынган. Жигердүү катышкандыгы үчүн окуучулар Ардак грамота менен сыйланышты.
Комментарии